Жаңылыктар
Чек арадагы жаңжалга Тажикстан тараптан аскер эле эмес куралчан адамдар да кол салган
Кыргызстан жаңылыктары
Чек арадагы жаңжалга Тажикстан тараптан аскер эле эмес куралчан адамдар да кол салган

Чек арадагы жаңжалга Тажикстан тараптан аскер эле эмес куралчан адамдар да катышкан. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирип, учурда абал көзөмөлдө экенин белгиледи. Ал жай тургундарга кол салуу болгон Самаркандек айылына барды. Чек арадагы окуяда жабыркаган үч жай тургун менен эки жоокер ооруканада дарыланууда.