Жаңылыктар
Темир жол куруу долбооруна кол коюлду
Кыргызстан жаңылыктары
Темир жол куруу долбооруна кол коюлду

Өзбекстандын Самарканд шаарында өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин алкагында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун долбоору боюнча кызматташууга кол коюлду. Ушул тапта техникалык экономикалык негиздемеси даярдалып жаткан темир жол курулуп ишке кирсе, Кыргызстан аркылуу жылына кеминде 10 млн. тоннадай жүк ташылышы мүмкүн. Адистердин алдын ала эсептөөлөрүнө ылайык, Кыргызстан транзит үчүн бир жылда 200 млн. доллардан ашык каражат табышы керек.