Жаңылыктар
Бишкек мэри ишембиликке активдүү катышууга чакырды
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек мэри ишембиликке активдүү катышууга чакырды

Калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыров шаар тургундарын 17-сентябрда өтө турган масштабдуу жалпы шаардык ишембиликке активдүү катышууга чакыды. 

Ал иш чара Президенттин “Улуттук тазалык күнү жөнүндө” жарлыгынынын негизинде, 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү иш-аракеттердин планын ишке ашыруу алкагында өткөрүлүп жатканын кошумчалады. 

“Сүйүктүү борборубузга бир ишемби күнүбүздү арнайлы. Сиздер да четте карап турбаңыздар. Бишкек шаары - бул баарыбыздын борборубуз жана куттуу үйүбүз. Калаабызга да камкордугубуз, мээнетибиз жана мээримибиз керек. Келиңиздер, кут-береке чачкан бир күндүк таңыбызды шаарыбыз менен бирге тосолу. Ар бир үйдүн короосу, көчөсү, аймагы иретке келсе, шаарыбыз болуп көрбөгөндөй таза жана ыңгайлуу болуп калаары шексиз. Таза коом - жан дүйнөбүздүн тазалыгы менен бирге, жашап жаткан үйүбүз, шаарыбыздын тазалыгынан башталаарын унутпайлы”, - деген ал. 

Айтымында, шаардык муниципалитеттин баардык кызматтары жалпы «Ынтымак ишембилигинде» өз кызматтарын көрсөтүүгө даяр.