Жаңылыктар
А.Касымалиев жана К.Зулушев Ат-Башы жана Нарын райондорунун тургундары менен жолугушту
Кыргызстан жаңылыктары
А.Касымалиев жана К.Зулушев Ат-Башы жана Нарын райондорунун тургундары менен жолугушту

Өлкө башчысынын тапшырмасы менен өтүп жаткан элдик жыйындын кезеги Ат-Башы жана Нарын районуна келди. Элеттиктер айдоо аянттарын сугат суу менен камсыз кылуу, таза суу, айыл аралык жолдордун абалынын начардыгы жана башка социалдык маанилүү маселелерди көтөрүштү. 

Муну менен катар жергиликтүү укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө сындар айтылып, адилеттүүлүк издеген жарандардын жеке маселелери да көңүл сыртында калган жок.