Башкы прокуратура "Кумтөрдөгү" коррупцияга байланыштуу мурдагы убактылуу тышкы башкаруучу Теңиз Бөлтүрүктү кармады.
"Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгы тарабынан "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомундагы коррупциялык кылмыштар фактысы боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында мурдагы убактылуу тышкы башкаруучу Бөлтүрүк Теңиз Аяпберген уулу, жабдуу боюнча адис, каржы башкармалыгынын директору Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоо жайына камакка алынышты.
"Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун ишин текшерүүнүн жыйынтыгынла үч кылмыш козголгон. Мамлекетке дээрлик 1 млрд сом зыян келтирилген. Тергөө уланууда.