Айыл жашоочуларынын негизги кирешеси менен соода сатыгы төрт түлүк мал болгондуктан, бирөө сатат, бирөө алат. Андыктан ушул тапта Кыргызстандын дээрлик ар бир айылында мал базар бар.
Ошол мал саткан базарлардагы абал жазында коомчулук тарабынан сынга кабылып, Министрлер Кабинети тез аранын ичинде абалды жөнгө салуу боюнча тапшырма берген.