Жаңылыктар
Жоламан Шаршенбеков Сербиядагы грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
Кыргызстан жаңылыктары
Жоламан Шаршенбеков Сербиядагы грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынын финалына чыкты

Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков Сербиядагы грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынын финалына чыкты. Спортчу 60 кг салмакта мелдештин жарым чейрек финалынан баштап катышууда. 

Алгачкы атаандашы венгриялык Кристиан Кечкемети болуп, Шаршенбеков 8:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда утуп алды. Ал эми чейрек финалда АКШнын балбаны Ильдар Хафизов менен күчүн сынап, беттеш башталары менен Жоламан атаандашынын далысын басып, таза жеңишти камсыздады. Жарым финалда кыргыз балбаны казакстандык Айдос Султангали менен күрөшүп, 7:0 эсебинде финалга татыктуу өттү. Балбандын жеңиши тууралуу кубанычтуу кабарды министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өзүнүн социалдык тармактардагы баракчасы аркылуу болүштү. “Жоламан Шаршенбековдун финал үчүн казак жигити менен ат салышып аны жеңип алганына күбө болдум. Биз баатырларыбыз менен сыймыктанабыз, жалпы элибиз жеңиш тилеп сүрөйт. Алга!”, - деген пикирин калтырган. Грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча мелдеш 10-18-сентябрда Белград шаарында өтүүдө.