Жаңылыктар
Кыргызстандын ички дүң өнүмдүн көлөмү өстү
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандын ички дүң өнүмдүн көлөмү өстү

Кыргызстанда ички дүң өндүрүмдүн көлөмү январь-август айларында 506 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев брифингде билдирди. 

Анын маалыматына караганда, бул көрсөткүч 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8%га өскөн. 

"Ички Дүң Продукциянын көрсөткүчү калкка кызмат көрсөтүү 46%, өнөр жай 19%, айыл чарба дээрлик 13%, жана курулуш тармагынын 16% өсүшү менен шартталган. «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ИДПнын көлөмү январь-августта дээрлик 468 млрд сомду түзүп, 5,1 пайызга өстү", - деди ал.