Жаңылыктар
Экстремисттик материалдарды жайылтууга шектүү жаран кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Экстремисттик материалдарды жайылтууга шектүү жаран кармалды

Баткенде экстремисттик жана террористтик мүнөздөгү материалдарды социалдык тармактарда жайылтып жүргөнгө шектүү жаран кармалды. 

Маалыматка ылайык, Кадамжай районунун 27 жаштагы тургуну социалдык тармактарда Кыргызстандын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган өздөрүн Ислам мамлекети деп атаган топтун тиешелүү символикаларын, аудио материалдарын, чакырыктарын жайылтып жүргөн. 

Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин "Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу" беренесинин негизинде катталып, тергөөгө иштери жүрүп жатат.