Аксы районунун тургундары калкты каттоо бөлүмүнөн сапаттуу кызмат алып баштады.
Райондук каттоо бөлүм капиталдык ремонттон өткөрүлгөн почта имаратынын экинчи кабатына көчүрүлдү. Жаңы кеңседе кызматкерлер үчүн бардык шарт каралган, жарандар үчүн күтүү залы отургучтар менен камсыздалган.
Калкты каттоо бөлүмүндө жарандарды дарек боюнча базага каттоо, паспорттоштуруу, туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана никелешүү күбөлүгүн берүү болуп жалпысынан 17 түрлүү кызмат көрсөтүлөт.
Заманбап калкты каттоо бөлүмүнүн имараты райондук өнүктүү фонду тарабынан бөлүнгөн 2 миллион сомго капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн.
Аксы районунда калктын саны 148 миңге жетет. 11 айыл өкмөт бир шаар бар.