Жаңылыктар
Ат-Башы ГЭСи оңдолууда
Кыргызстан жаңылыктары
Ат-Башы ГЭСи оңдолууда

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Нарын облусуна жумушчу сапарынын алкагында Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. 

Ал гидроэлектр станциянын техникалык жабдылышын карап чыгып, аны модернизациялоо боюнча пландар менен таанышты.

Министрлер Кабинетинин башчысы электр энергиясын үзгүлтүксүз жана ишенимдүү өндүрүүнү камсыз кылуу жана натыйжалуу башкаруу максатында ГЭСти реконструкциялоо боюнча бир катар тапшырмаларды берди. 

Мындан тышкары ал кубаттуулугу 100 МВт саналган Куланак ГЭСинин курулуш долбоору менен таанышты.