Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө «Кыргызнефтегаз» ишканасынын 90 жылдыгы жана мунайгаз тармагынын кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата өткөн салтанаттуу иш-чарага катышты.
Мамлекет башчысы Кыргызстандын мунайгаз тармагынын кызматкерлерин жана ардагерлерин кесиптик майрамы, өлкөнүн мунай табуу тарыхынын 90 жылдыгы менен куттуктады.
Садыр Жапаров мындан туура 90 жыл мурун 1932-жылы Чангыр-Таш мунай кенинде бургулоо иштери жүргүзүлүп, биринчи жолу 250 метр тереңдиктен өндүрүштүк мунай алынганын эске салды.
Айтымында,соңку жылдары өлкөнүн бардык тармактарында жүргүзүлүп жаткан реформалар ири компанияларда дагы уланып, натыйжалуу жылыштар байкалды.
“Кыргызнефтегаз” ишканасынын экономикалык жана өндүрүштүк көрсөткүчтөрү жогорулап, мекеменин кирешеси соңку мезгилде бир нече эсеге көбөйгөндүгү буга мисал. Кесипкөй мунайчылардын жана газчылардын күч-аракети менен өлкө экономикалык жана энергетикалык базасы чыңдалып жатканына белгилеген Мамлекет башчысы эмгекчил мунайчылар ички рынокту мүмкүн болушунча күйүүчү, майлоочу заттар менен камсыздоого, жаңы кендерди изилдеп, өндүрүштү өнүктүрүүгө аракет кылып жатышканын кошумчалады.
Баткен облусуна өзгөчө макам берилгенден тартып, Баткен аймагын өнүктүрүү боюнча чоң-чоң пландар четинен ишке ашырылып жатканын эске салды.
Салтанаттуу иш-чара ата мекендик жана чет элдик эстрада жылдыздарынын концерттик программасы менен уланды.