Жаңылыктар
Баткендин чек ара райондорунда турак жайлар курулат
Кыргызстан жаңылыктары
Баткендин чек ара райондорунда турак жайлар курулат

“Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коомуна уставдык капиталдын каражаттарынан 200 млн сомду кийин сатып алуу механизми боюнча турак жайды андан ары ижарага берүү үчүн Баткен облусунун чек ара райондорунда турак жайлардын курулушун инвестициялоого жумшоо сунушталды. Тиешелүү чечим Министрлер Кабинетинин жыйынында кабыл алынды. 

Аталган чечим «Баткен облусунун статусу жөнүндө» Мыйзамды ишке ашыруу максатында кабыл алынган. Буга катар Баткен облусунун чек ара аймактарынын тургундары үчүн кийин сатып алуу менен турак жайды ижарага берүүнүн шарттары бекитилди. Кабыл алынган чечимде Баткен облусун өнүктүрүү боюнча кеңешине турак жай фондун көбөйтүүгө муктаж болгон калктуу конуштарды аныктоо жана кийин сатып алуу боюнча турак жайды ижарага алууга талапкер Баткен облусунун чек ара районунун тургундарынын тизмесин бекитүү тапшырылды.