Жаңылыктар
Садыр Жапаров: 1-октябрдан тарта пенсия көбөйөт
Кыргызстан жаңылыктары
Садыр Жапаров: 1-октябрдан тарта пенсия көбөйөт

1-октябрдан тарта пенсия көбөйөт. Бул туурасында Президент Садыр Жапаров Фейсбуктагы баракчасына жазды. 

"Менин тапшырмам менен өлкөнүн Министрлер Кабинети пенсия өлчөмүн 2022-жылдын 1-октябрынан тартып жогорулатуу чечимин кабыл алды. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча жалпы 735 миңдей пенсионер бар. Аларга пенсия төлөмдөрү үчүн жылына 70 млрд сом каралат. Эми бул максатка биз жыл сайын республикалык бюджеттен 90 млрд сом бөлөбүз.Буга чейин пенсия өлчөмү орточо 200-300 сомго көтөрүлчү.Эми биз бир эле учурда жалпы өлкө боюнча пенсия өлчөмүн 1700дөн 3400 сомго чейин көтөрүү чечимин кабыл алдык. Албетте, бул идеалдуу сан эмес. Бирок бүгүнкү бюджеттин мүмкүнчүлүгүнө жараша жарандарыбыздын жашоо шартын жакшыртуу үчүн бардыгын жасап жатабыз. Мамлекеттин социалдык саясаты мындан ары да кыргызстандыктардын жашоо сапатын жана бакубатчылыгын жакшыртууга багытталат" - деп жазган мамлекет башчысы.