Жаңылыктар
Кара-Суу району адам укугу сакталбаган, мыйзамсыз иштердин борбору аталды
Кыргызстан жаңылыктары
Кара-Суу району адам укугу сакталбаган, мыйзамсыз иштердин борбору аталды

Ош облусунун эң чоң району делинген Кара-Суу адам укугу сакталбаган, мыйзамсыз иштердин борбору аталды. Жер тилкелерин бөлүштүрүүдө айыл өкмөттөр тарабынан бир топ одоно мыйзам бузууларга жол берилген. Шарк, Төлөйкөн, Катта-Талдык, Нариман айыл аймактарынын башчыларынын ишмердүүлүгүнө сындар айтылды. Арыз ээлери: базар айланасындагы мыйзамсыз аракеттер, чыр-чатактар, жер тилкелерин сатуудагы коррупциялык иштерди иликтөөдө күч кызматкерлеринин кийгилишүүсү жана жарандардын укугу корголбой жатканын жүйө келтиришти.

Кара-Суу районунун эли менен болгон жолугушуу 3 саатка созулду. Жалпы 146 арыз түшсө, 91 жаран түз суроо бергенге үлгүрдү. Берилген арыздын 112си укук коргоо кызматкерлерине тийиштүү . милиция, сот, прокуратура кызматкерлеринин айрымдарынын кызматтык абалына баа берилиши зарылдыгын Башкы прокурор сунуштады. Жаралган көйгөйдү теришитирүү үчүн өзүнүн орун басары жеринде - Кара-Сууда бир ай иш алып барат.