Өлкөдө 17-сентябрда тазалык күнү белгиленет. Андан кийин 2 айга созулган “Таза мурас” өнөктүгү өтөт. Бул убакыт аралыгында жаратылышка байланыштуу ар кандай иш-чаралар өткөрулүп, жыйынтыгында эң таза шаар, райондор аныкталып, сыйлыктар берилет.
Аталган иш-чара Президент Садыр Жапаровдун улуттук тазалык күнү тууралуу жарлыгынын алкагында уюштурулууда.
Жарлыкта көрсөтүлгөндөй, акциянын алкагында массалык ишембиликтер, агартуу иш-чаралары өткөрүлүп, ага бардык каалоочулар катыша алат.
Өнөктүктө токой, талаалар, көлмөлөрдүн жээктерин тазалоого басым жасалат.