Жаңылыктар
Бишкекте ректорлордун дүйнөлүк форуму өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте ректорлордун дүйнөлүк форуму өтөт

Бишкекте "Улуттук инновациялык экосистеманы курууда университеттердин ролу" аталышындагы ректорлордун дүйнөлүк форуму өтөт. 

Иш-чара 14-15-сентябрда болот.

Анда дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөсүнөн келген жогорку окуу жайлардын ректорлору университеттердин илимий ишмердүүлүгүн жогорулатуу, интеллектуалдык менчикти коммерциялаштыруу жана технологияларды өткөрүп берүү ыкмаларын талкуулашат. 

Форумду Билим берүү жана илим министрлиги менен Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюму уюштурууда.