Мамлекеттик чек ара аркылуу үчүнчү өлкөлөргө бара жаткан товарлардын транзиттик агымына көзөмөл күчөтүлөт. Ошондой эле контрабандага жана Кыргызстандын аймагында эсепке алынбаган товарларды ташып келүүгө каршы күрөш да катуу көзөмөлгө алынат. Мамлекет башчысынын бул туралуу кол койгон жаңы жарлыгы күчүнө кирди.