Жаңылыктар
Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 100 миң сомдон кайтарымсыз колдоо көрсөтүлө башталды
Кыргызстан жаңылыктары
 Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 100 миң сомдон кайтарымсыз колдоо көрсөтүлө башталды

Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен өлкөдөгү аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү максатында 100 миң сомдон бир жолку кайтарымсыз каражаттар берилип баштады.

"Социалдык контракт" долбоорун ишке ашыруу алкагында өлкө боюнча жалпысынан 2800 аз камсыз үй-бүлөгө 292 миллион сом бөлүндү. Каражат аз камсыз үй-бүлөлөргө чакан ишкердик жүргүзүү үчүн берилип жатат. 

Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында 350 аз камсыз үй-бүлөгө 35 миллион сом бөлүндү. Анын ичинен 60тан ашык үй-бүлө сертификатка ээ болду. Бул долбоор жылдын башында Кадамжай жана Жумгал районунда башталган. Эми мындан ары өлкө аймактарындагы аз камсыз үй-бүлөлөргө да мамлекеттен кайтарымсыз каражат берүү улантылат.