Сот системасын санариптештирүү уланууда. Бул тууралуу борбордо өткөн санариптик сот адилеттүүлүк форумунда белгиленип, “Сот автоматташтырылган маалыматтык системасы”, “Аткаруу өндүрүшү”, “Санариптик сот адилеттиги” порталы, “Сот адилеттигинин жогорку мектебинин онлайн платформасы” көрсөтүлдү.
Аталган бийлик бутагы жогорудагы системаларды колдонуу менен иш кагаздарына кеткен каражаттарды үнөмдөй алды.
Мисалы, “Аткаруу өндүрүшүн” пайдалануу менен 4 айда эле 10 млн сомго жакын каражат үнөмдөлгөн.
Ошондой эле, адам укуктарынын кепилдиктерин, мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылып, бирдиктүүлүктү жана айкындуулукту жогорулатууда.