Жаңылыктар
Өлкөдө жумуш издегендер азайды
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөдө жумуш издегендер азайды

Быйыл алты айда өткөн жылдын ушул учуруна салыштырмалуу иш издегендер 4,1 пайызга азайды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына таянып Улуттук статистика комитети билдирди.

2022-жылдын 1-июлуна чейин өлкө боюнча ишсиз катары расмий каттоого туруп, жумуш издегендердин саны 100,6 миңди түздү. Бул былтыркы жылдын ушул учуруна салыштырмалуу 4,1 пайызга төмөн. Булардын ичинен 75,2 адам — дагы деле каттоодо тургандар. Калганы — сунушталган жумуштардан эки жолу баш тарткан жарандар. 

Иштеген иши жоктордун басымдуу бөлүгү Жалал-Абадда, Ошто жана Баткен облустарында жашайт. Калган аймактарда жумушу жоктордун саны 7 миңден төмөн.

Маалыматка караганда, өлкөдө бул топко кирген жарандардын 44,8 пайызы аялдар.