Жаңылыктар
Бардык мечиттерде зомбулукка каршы баяндар окулат
Кыргызстан жаңылыктары
Бардык мечиттерде зомбулукка каршы баяндар окулат

Кыргызстандын бардык мечиттеринде адеп-ахлак жана зордук-зомбулуктун алдын алуу маселесине арналган баяндамалар жасаларын Мусулмандар дин башкармалыгы билдирди. 

Муфтияттын сайтына жарыяланган маалыматта буга Баткендеги 14 жаштагы кыздын өлүмү себеп болгону белгиленди. 

Баткен облусунун Кадамжай районунда өспүрүм кыздын мыкаачылык менен өмүрүнүн кыйылышы боюнча Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы өлкө аймагындагы мечиттерде бешим жана шам намазынан кийин балдардын тарбиясы, ыйман жана адеп-ахлак, зынаанын шарияттагы орду, адам өмүрүнө кол салуунун кесепети, өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулуктун алдын алуу жаатында баяндамалар жасалмакчы.