Президенттин тапшырмасы менен өтүп жаткан элдик жыйын Ош облусунун Ноокат районунда уланууда.
Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, министрликтердин орун басарлары, тийиштүү мекеме ишканалардын жетекчилери катышууда. Эл менен жолугушуу эркин суроо-жооп форматта өтүп жатат.
Жергиликтүү тургундар айыл чарбасы, жол, таза суу, жер маселелерин көтөрүштү. Аны менен катар Ноокаттыктар аймактын эң башкы көйгөйү болгон Ош-Ноокат-Раззаков унаа жолу боюнча маселени көтөрүштү.
Эл аралык маанидеги жалпы 47 чакырымдагы жолду ондоо үчүн 50 миллион доллар жумшалат. Буга 2 ай мурун тендер жарыяланган. Учурда жолдун кызыл сызыгына чыгып кеткен турак жай, курулуш объектилерин тазалоо иштери жыйынтыкталып калды.