Жаңылыктар
Сузакта асфальт-бетон чыгаруучу заводдун иши токтотулду
Кыргызстан жаңылыктары
Сузакта асфальт-бетон чыгаруучу заводдун иши токтотулду

Сузак районунун Ынтымак айылына жакын жерде жайгашкан асфальт-бетон чыгаруучу заводдун иши токтотулду. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 6-сентябрында социалдык тармактарда аталган асфальт-бетон заводунан кара түтүн чыгып жатканы тууралуу маалымат чыккан.

Маалыматтык кайрылуунун негизинде министрликтин мамлекеттик инспекторлору аталган заводго барып, текшерүүнүн жүрүшүндө түтүн кармоочу конструкциянын бузулушун аныкташкан. 

Жыйынтыгында министрликтин өкүлдөрү газды чыпкалоочу фильтрлерди орнотуу боюнча буйрук жөнөтүп, заводдун иши токтотулган. Ведомстводон белгилешкендей, асфальт-бетон заводунун жанында жайгашкан турак жайлар өнөр жай аймагында жайгашкан. 

Аталган завод Сузак районунун Ынтымак айылына жакын жердеги өнөр жай зонасында жайгашкан жана Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигинин “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын Жалал-Абад филиалына карайт.