1-августтан тартып 58 миңден ашык бюджеттик тармактын кызматкерлери жогорулатылган маяна ала баштады.
Президенттин «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчылары менен муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруунун алкагында аткарылууда.
Бюджеттик тармактын кызматкерлерине, мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлер, мамлекеттик мекемелерде иштеген мамлекеттик кызматкерлердин категориясына кирбеген кызматкерлер, кенже техникалык кызматкерлер, күч түзүмүнүн штаттан тышкаркы жана жарандык персоналы кирет.
Бул максаттарга республикалык бюджетте 7 миллиард сомдон ашык каражат каралган. Мамлекеттик кызматкердин орточо айлыгы 2021-жылы 22 миң 879 сомдон 2022-жылы 47 миң 953 сомго чейин өскөн.