Ош базарынын айланасында жүргүзүлгөн рейд учурунда коомдук тартипти бузган 65 жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кармалган жарандар Ленин районунун милиция бөлүмүнө жеткирилди.
Рейд Кулиев, Пушкин, Бейшеналиева, Павлов, Рыскулов көчөлөрүндө жана базардын айланасында жүргүзүлдү.
Милициядан белгилешкендей, ал адамдар ичкилик ичип, ызы-чуу салып, коомдук тартипти бузушкан. Айрыкча кечкисин ошол көчөлөрдөн жөө өтүү шаар тургандарына жана мектеп окуучуларына коркунуч жараткан.
Белгиленгендей, милициядан жарандардын толук аты жөнү такталып, эмне кылып жүргөндүгү, туруктуу жашаарга үй-жайы бар же жок экендиги аныкталып, андан ары мыйзамга ылайык тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлөт.
Рейддик иш-чаралар мындан ары да уланат.