Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде Абдысадыр Турусбековдун көргөзмөсү ачылды.
Анда автордун эки жыл аралыгында тарткан жүздөн ашуун эмгеги коюлду. Анын сүрөт тартуудагы эң негизги ыкмасы - кайталангыс көркөм дүйнөнү Чыгыш менен Батыштын айкалышкан дүйнө таанымы аркылуу чагылдырып берүү болуп саналат.
Көргөзмөнүн ачылышына коңшу Казакстандын өнөр адамдары да катышты. Турусбековдун эмгектери чет өлкөлөрдө да суроо-талапка ээ.