Жаңылыктар
14 жаштагы кызды зордоп, өлтүрүүгө шектүүлөр кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
14 жаштагы кызды зордоп, өлтүрүүгө шектүүлөр кармалды

Баткен облусунун Кадамжай районунда киши колдуу болгон 14 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү табылганын облустук милиция 5-сентябрда билдирген. 

Алдын ала маалыматтарда, кыздын колу аркасына жип менен байланып, мойнунан жип менен муунтулган абалда табылган. Маркум Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын 2008-жылы туулган тургуну экени аныкталды. 

Кылмышка шектүү катары Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын 24, 25 жана 27 жаштагы тургундары кармалды. Бул үрөй учурган окуя коомдун курч реакциясын пайда кылды. 

Расмий маалыматка ылайык, былтыр зордуктоо фактысына байланыштуу 604 иш катталып, анын 325и кыскарган.