Жаңылыктар
Таласта Эсеп палатасынын тышкы адиси 150 миң сом пара алып кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Таласта Эсеп палатасынын тышкы адиси 150 миң сом пара алып кармалды

Эсеп палатасынын тышкы адиси пара алып кармалды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен билдирди. 

Маалыматта айтылгандай, эсеп палатасынын адиси Талас мамлекеттик университетинин финансылык ишмердүүлүгүнө формалдуу түрдө аудит жүргүзүү үчүн кызмат адамдарынан 150 миң сом өлчөмүндө пара алганы аныкталган. 

Козголгон кылмыш ишинин алкагында 3-сентябрда Эсептөө палатасынын тышкы адиси кармалып, Талас облустук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 

Учурда УКМК тарабынан жогорудагы фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.