Ушул жылдын 8 айында Мамлекеттик салык кызматы мамлекеттик бюджетке 99 млрд сомдон ашуун салык жана төлөмдөрдү жыйнады. Белгиленген план 1 жарым млрд сомго ашыгы менен аткарылды.
Мамлекеттик салык кызматы билдиргендей, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 33 млрд сомго көп. Салык кызматы тарабынан башкарылуучу мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин негизги үлүшү жыйымдардын жалпы көлөмүнүн 32% өлчөмүндө кошумча нарк салыгы боюнча келип түшүүлөрдүн эсебинен камсыз кылынган.
Салык жана төлөмдөрдү жыйноо түзүмү - Кошумча нарк саалыгы – 32%, Кумтөрдөн келип түшүүлөр – 21,9%, пайда салыгы – 16%, киреше салыгы – 10,7%, акциз салыгы – 6,6%, сатуу салыгы – 4%, салыктын башка түрлөрү – 8,8%ды түзгөн.