Жаңылыктар
Кыргызстанда алты айда үч миңдей жол кырсыгы катталды
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда алты айда үч миңдей жол кырсыгы катталды

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, быйыл алты айда эле Кыргызстанда үч миңдей жол кырсыгы катталып, андан 248 адамдын өмүрү кыйылган. 4600дөн көбү ар түрдүү жаракат алышкан. 

2021-жылы жети миңге жакын жол кырсыгы катталып, 780 киши каза болуп, 10 миңден ашыгы ар кандай жаракат алган.

Милициянын байкоосуна ылайык, авариялардын 92,4% айдоочулардын күнөөсү менен болот. Жол кырсыгында набыт кеткендердин 70% 25тен 40 жашка чейинкилер.