Орусияда чет элдик жумушчу күчтүн агымы көбөйдү. Өзгөчө Борбор Азиядан баргандар басымдуулук кылат. Бул тууралуу Улуттар иштери боюнча федералдык агенттиктин жетекчиси Игорь Баринов "Россия 24" телеканалына берген маегинде билдирген.
Анын айтымында, ушул жылдын өткөн айларында Борбор Азиядан Россияга барган мигранттардын агымы 2021-жылга салыштырмалуу 30 пайызга өскөн.
"Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстан. Мигранттардын дээрлик бардыгы ушул үч мамлекеттен келүүдө", — деди Баринов.
Маалымат каражаттарынын билдирүүсүнө караганда, 2022-жылдын экинчи кварталында Россияга 3 миллионго жакын эмгек мигранты барган.