Жаңылыктар
"Төлөм" кызматы иштеп жатат
Кыргызстан жаңылыктары
"Төлөм" кызматы иштеп жатат

Жол эрежесин бузган айдоочулар тууралуу маалымат берген "Төлөм" кызматы иштөөдө. "Төлөм" кызматы Башкы прокуратура тарабынан иштелип чыккан. 

Планшетке орнотулган тиркемеден айдоочулардын атын-жөнүн тастыктаган документ жана унаанын мамлекеттик номери аркылуу машинанын издөөдө жүргөндүгүн, жасалма же жалган номер тагып алганын, терезелерин мыйзамсыз караңгылатканын, ошондой эле төлөнбөй жүргөн айып пулдары бар-жогу текшерилет.

"Адатта жол эрежеси бузулганда кызматкерлер айдоочулардын күбөлүгүн албай эле протокол түзөт. Бирок айдоочулар муну оңой ойлоп, такыр эле документи жок автоунаа башкарып, терезелерин мыйзамсыз караңгылатып, анын кесепетинен жол кырсыктары жаралган фактылар кездешүүдө. 

Эми айдоочу жол эрежесин бузса, протокол толтуруу менен анын буга чейинки укук бузуулары "Төлөм" кызматы аркылуу текшерилип, чара көрүлөт. Буга чейин жол эрежесин бузган айдоочудар жана айып пулун төлөбөгөндөр Укук бузуулар кодексинин 38-беренесине ылайык, унаа башкаруудан четтетилип, машинасы айып короого киргизиле турганы эскертилди.