Башкы прокуратура Бишкек шаарындагы мыйзамсыз курулуштарга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында мурдагы жана азыркы эки кызматкер кармалганын кабарлады.
Анда мэриянын алдындагы "Бишкекгенплан" долбоорлоо институтунун мурдагы жетекчиси менен “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемесинин бөлүм башчысы коррупцияга шек саналып жатканы айтылат.
Башкы көзөмөлдөөчү орган тараткан маалыматка ылайык, кылмышка шектүүлөр “өздөрүнүн материалдык кызыкчылыгын көздөп, кайсы бир тараптардын пайдасына көп кабаттуу үйлөрдү өз алдынча курууга жол ачкан коорупциялык схема түзгөн”. Кармалгандардын үйүн тинтүү маалында мурдагы жетекчинин үйүнөн бир канча курал ок-дарысы менен табылды.
Ошондой эле анын мыйзамсыз аракеттерин ырастаган документтер алынды. Ал Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө абагына киргизилди. Ал эми “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемесинин бөлүм башчысы шаардагы №1 тергөө абагына камалды.