Жаңылыктар
"Азия чакырыгы" кубогу. Кыргызстандын курама командасы жеңүүчү болду
Кыргызстан жаңылыктары
"Азия чакырыгы" кубогу. Кыргызстандын курама командасы жеңүүчү болду

Чолпон-Ата шаарында эркектер арасында "Азия чакырыгы" кубогунун финалдык беттеши жыйынтыкталды. 

Анда Кыргызстан курама командасы Сауд Арабиянын волейболчуларын 3:2 эсебинде утту. Оюндун жүрүшүндө Сауд Арабия алгачкы эки партияда алдыда келе жаткан. 

Кийинки үч партияны Кыргызстандын оюнчулары катары менен утуп, жеңишке жетишти. Ал эми үчүнчү орун үчүн Монголия жана Өзбекстан командалары кез келген. Жыйынтыгында 3:2 эсебинде Өзбекстан курама командасы жеңишке жетишип үчүнчү орунду камсыз кылды. 

Белгилей кетсек, аталган мелдешке жалпы төрт мамлекеттин спортчулары катышкан.