«Ак Шумкар» өзгөчө белгисин тапшыруу менен «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамы. Бул эң жогорку артыкчылык даражасы мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн Апас Жумагуловго, Медеткан Шеримкуловго, Камчыбек Ташиевге берилди. Ушундай эле наам каза болгондон кийин Арстанбек Дүйшеевге, Болот Шамшиевге ыйгарылды.
Президент Садыр Жапаров алгач дал ушул инсандардын эмгегине токтолду.