Жаңылыктар
Акылбек Жапаров өлкөнүн ЖОЖдорунда бизнес-инкубаторлордун ишине старт берди
Кыргызстан жаңылыктары
Акылбек Жапаров өлкөнүн ЖОЖдорунда бизнес-инкубаторлордун ишине старт берди

Жогорку окуу жайларда студенттер тарабынан демилгеленген бизнес инкубаторлорду ишке ашыруу боюнча онлайн жыйыны өттү.

Ага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров онлайн катышып өлкөдөгү 50гө жакын окуу жайда стартаптардын ачылышына күбө болду. Ар бир окуу жай 4-5тен бизнес идеяларды сунуштап аны ишке ашырууга кызыкдар. Арасында мобилдик сунуштамалар, кызмат көрсөтүүлөрдү жеңилдетүүчү багыттар боюнча түрдүү долбоорлор бар. 

Акылбек Жапаров келерки жылы 10 миңден ашык долбоорлордун болушу керектигин, арасынан мыкты миң долбоорду мамлекет колдоого алып, каржылык булактарын чечип бере турганын убадалады.