Мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн «Ак Шумкар» өзгөчө белгисин тапшыруу менен «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары -Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевге дагы ыйгарылды.
Президент өлкөдө оош-кыйыш бир топ көрүнүштөр катталып, эл биримдигине бүлүк салынган окуялар менен коштолгондо Ташиев улут аралык жаңжалды токтотуп, эки элди элдештирүүдө сап башында турганын айтып өттү.
“Муну мен өз көзүм менен көрүп, ошол окуяларга катышкан адам катары айта алам. “Анын буга чейин эл кызматыда болуп, “эл уулу” атанткан иштери татыктуу бааланып жатканын эл да туура көрөт”, - деди Мамлекет башчы.