Жаңылыктар
Мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды
Кыргызстан жаңылыктары
Мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын социалдык-экономикалык дараметин өнүктүрүүгө зор салым кошкон жарандарды мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлады. 

Мамлекет башчы адам эмгеги узак жашагадыгына эмес, анын Мекенине кылган ак кызматына, өнүгүүсүнө кошкон олуттуу салымына, өзгөчө сиңирген эмгегине жараша баалана турганын айтты. 

“Өлкөнүн мекенчил жана эмгекчил инсандары Эгемен мамлекеттин кебелбес тиреги, жөлөгү жана бекем калканычы”,- деди Президент. 

Ал өнөрлүү, чарбакер адамдардын, колунда эми бар дарыгерлердин, бүткүл өмүрүн балдарга арнаган педагогдордун, экономиканы алга жылдырууга аракеттенген ишкерлердин эмгеги адамдык өз убагында бааланып-баркталууга тийиш экендигин баса белгиледи.