Жаңылыктар
Арча-Бешик жаңы конушунда 500 орундуу заманбап мектеп ишке кирди
Кыргызстан жаңылыктары
Арча-Бешик жаңы конушунда 500 орундуу заманбап мектеп ишке кирди

Жаңы окуу жылына карата Арча-Бешик жаңы конушунда 500 орундуу заманбап мектеп ишке кирди. Мектептин ачылышына мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов катышты.

45 миңден ашык калкы бар Арча-Бешик конушунда буга чейин 3 мектеп болсо ар биринде балдар 2-3 эсе көп окуган. Азыркы 500 орундуу мектепке 700 ашык бала кабыл алынды. Мектеп мамлекеттик келишимдин алкагында Сауд Арабия өнүктүрүү фондунун эсебинен каржыланды. Фонд жалпы өлкө боюнча пайызсыз насыяга 28 мектеп 2 бала бакча куруу долбоорун баштаган. Ага 30 млн доллар каражат бөлүнгөн. 

Бүгүнкү мектептин сметалык наркы 1 млн 200 миң доллардан ашты. Мектепте балдар үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Кыздарга тигүүчү, кулинария класстары, балдарга устакана, андан сырткары терапия жана стоматология кабинеттери бар.