Жаңы окуу жылында жаңы мектеп. Бишкек шаарындагы Алтын-Ордо жаңы конушу үчүн бүгүн кош майрам. Билим күнүндө жаңы билим уялуу болушту. Биринчи коңгуроодо анын лентасын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кести. Мектеп 480 окуучуга ылайыкталган.
1-класстан 10-класска чейин 2 нөөмөт менен 704 бала кабыл алынды. 40 мугалим иш орду менен камсыз болду. Имарат жаңы технология менен курулду. Заманбап билим берүү шарты түзүлдү. Быйыл 160 миңден ашуун бала мектеп босогосун аттады. Жалпы окуучулардын саны 1 млн 300 миң. Өлкө боюнча 1-сентябрга карата жаңы 11 билим берүү объектиси ишке берилди.