Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын эгемендик күнүнө арналган салтанатта сүйлөгөн сөзүндө энергетика тармагына дагы токтолду.
Өлкө көз карандысыз болгондон бери алгачкы жолу энергетиктер өз күчү менен кыска убакта жаңы объектилерди ишке киргизип жатканын билдирди.
"Камбарата-1” ГЭСинин курулушунун башталышы – өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгына жасалган чоң кадам. Быйыл чакан ГЭСтерди курууга да өзгөчө көңүл бурулууда. Бул аракеттер энергетиканын кубаттуулугун гана арттырбастан, аны экспорттоого да шарт түзөт. Келечекте Кыргызстан электроэнергияны импорттоочу өлкөдөн экспорттоочу өлкөгө айланат",-деди Жапаров.