Бишкектеги мамлекеттик тарых музейинде “Эгемендик - элибиздин дөөлөтү” аттуу көргөзмө ачылды.
Анда музейдин фондуна жаңы келип түшкөн экспонаттар, Кыргызстандын президентине арналып башка өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынан келип түшкөн белектер коюлду.
Андан тышкары эгемендик темасына түздөн түз байланышкан жана тарыхый жактан мааниси чоң болгон китептер дагы коюлду.