Жаңылыктар
АКШда жашаган мекендештер эгемендүүлүк күнүн майрамдашты
Кыргызстан жаңылыктары
АКШда жашаган мекендештер эгемендүүлүк күнүн майрамдашты

АКШда жашаган кыргызстандык атуулдар өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 31 жылдык маарекесин эки күн бою белгилешти. 

Иш-чара 27-28-август күндөрү Нью-Йорк шаарына жакын жерде өттү. Ага кошмо штаттардын ар бурчунан үч миңге жакын мекендеш катышты. Маарекени Кыргызстандын АКШдагы элчиси Бакыт Аманбаев ачып, Президент Садыр Жапаровдун куттуктоосун окуп берди.

Куттуктоодо мамлекет башчысы мындан 31 жыл мурда кыргыз элинин тарыхында жаңы барак ачылып, мамлекеттин эгемендүүлүгү жарыяланып, элдин келечектеги өнүгүү жолун эркин тандоосуна мүмкүнчүлүк ачылгандыгын белгилеген.

Ошондой эле, мамлекет башчысы эгемендүүлүк күнү айтканга жеңил, бирок мааниси терең, теңдешсиз - Улуттук улуу майрам экендигин, эгемендүүлүк биринчи кезекте республиканын түп орду менен жаңылануусу, бардык тармактар боюнча алдыга карай өнүгүүсү, эң башкысы мамлекеттүүлүктүн бекемделишине болгон аруу үмүт, тилек, максаты менен тыгыз байланышкан, ар бир кыргызстандыктын жүрөгүндөгү ыйык «баалуулук» экендигин баса көрсөткөн. 

Ал «баалуулуктукту» ар бир кыргызстандык кайда жүрбөсүн, кайда жашабасын көздүн карегиндей сактап, урматтап, өнүктүрүп кийинки муунга бапестеп өткөрүп берүүгө милдеттүү экендигин айткан президент, Америкада жашаган кыргызстандыктарды биримдикке, ынтымакка жана өз-ара түшүнүүчүлүккө жана мамлекеттүүлүгүбүздү чыңдоо жана өлкөнү өнүктүрүү үчүн «бир жеңден кол, бир жакадан баш» чыгарууга чакырган.

АКШдагы эгемендүүлүк майрамы эки күн бою белгиленип, спорттун он эки түрү боюнча ар кандай мелдештер өткөрүлдү. Анда он төрт штаттан келген кыргыздардын командалары катышышты. Мелдеш ордо атуу, кол күрөш, аркан тартмай, футбол, волейбол, кыргыз күрөшү сыяктуу спорттун түрлөрү боюнча өттү. Анын жыйынтыгы 28-августта чыгарылып, жеңүүчүлөргө баалуу белектер ыйгарылды.

Кошумчалай кетсек, АКШнын аймактарында расмий эмес маалымат боюнча отуз миңге жакын кыргызстандык жашап, иштешет. Мекендештер IT, унаа айдап, курулуш, медицина, жер иштетүү жана илимий чөйрөдө эмгектенишет. АКШда жашаган кыргыздар аябай ынтымактуу. Жылына бир жолу чогулуп, Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүн белгилөө Америкада жашаган кыргыздар үчүн салтка айланган көрүнүш.