Жаңылыктар
Индия элчиси КР ТИМ башчысына ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды
Кыргызстан жаңылыктары
Индия элчиси КР ТИМ башчысына ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды

Индиянын Кыргызстандагы элчиси Арун Кумар Чаттерджи Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевге ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды. 

Министр Индиянын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн башчысын Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, ага ийгиликтерди жана эки өлкөнүн жана элдин ортосундагы кызматташтыкты мындан аркы чыңдоо үчүн жемиштүү иш алып барууну каалады. 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-индия стратегиялык өнөктөштүгүнүн учурдагы күн тартибин талкуулап, саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, илимий-техникалык тармактарда өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу багыттарын белгилешти, жогорку деңгээлдеги визиттер менен алмашуу, ошондой эле эл аралык уюмдарда ѳз ара колдоо кѳрсѳтүү тууралуу сөз кылышты. 

Социалдык өнүктүрүүгө багытталган тез таасир берүүчү долбоорлорду ишке ашыруу максатында Кыргызстандын министрлер кабинети менен Индия өкмөтүнүн ортосундагы гранттык жардам боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун алкагында долбоорлорду тез аранын ичинде ишке ашырууга өзгөчө көңүл бѳлүндү.