Түркияда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Кыргызстандан көк бөрү жана көкпар боюнча эки курама команда катышат. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, эки курама команда учурда Чолпон-Атада машыгууларын өткөрүүдө.
“Түркиядагы мелдешке көк бөрү боюнча курама команда кызыл түстө, көкпар боюнча курама команда көк түстөгү формада күчүн сынайт. Жакынкы аралыкта улакчыларга экинчи формасы берилет”, - деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, көчмөндөр оюндары 29-сентябрдан 2-октябрга чейин Түркиянын Изник шаарында өтөт. Улакчылар Түркияга мелдешке 10 күн калганда барат.