Эгемендик күнү 10 миңден ашуун милиция кызматкери коомдук коопсуздукту сактайт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Борбордук аппаратынын өздүк курамынын саптык кароосу учурунда маалым болду.
Ведомстводон билдиргендей, саптык кароо 31-август Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө арналып, Мамлекеттик гимндин коштоосунда мамлекеттик тууну көтөрүү менен башталды.
"Эгемендүүлүк күнүнө карата майрамдарды өткөрүү учурунда ИИМдин өздүк курамы 30-августтан 1-сентябрга чейин күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт. Күчтөрдүн жана каражаттардын эсеби боюнча республика боюнча салтанаттуу иш-чараларга ички иштер органдарынын 10 миңден ашык кызматкерлери тартылып, укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча иштерди жүргүзүшөт", - деп айтылат маалыматта.