Бишкек шаарынын казысы катталбаган мечит имамдарына эскертүү берди. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын казысы Шакир Маматов каттоодон өтө элек мечиттердин имамдары менен жыйын өткөрүп, быйыл бир дагы мечит катталбаганын белгилеп, бул жаатта жоопкерчиликтүү болууга чакырды.
Айрым бир маалыматтарга караганда, Кыргызстанда мечиттердин саны үч миңге чамалайт. Өлкөдө бир айылда бир канча мечит курулган учурлар бар.
Өткөн айда муфтий Замир Ракиев облус казылары менен жыйын өткөрүп, аймактардагы мечиттерди каттоодон өткөрүүгө бир ай убакыт чектеген.