Жалал-Абад шаарында өткөн массалык ишембиликте 140 куб таштанды чыгарылды.
Ишембиликке шаар бийлиги баштаган, баардык мекеме-ишканалардын жетекчилери, билим берүү жана медицина кызматкерлери, шаар тургундары катышты.
Ишембиликтин алкагында шаардагы эс алуу бактары, жол жээктери, арыктар жана мекеме-ишканалардын айланасы тазаланды.
Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарында 27-августта массалык ишембилик өткөн.