Жаңылыктар
Сүйүнбек Касмамбетов “Имам Сарахси” илимий конференциясына катышты
Кыргызстан жаңылыктары
Сүйүнбек Касмамбетов “Имам Сарахси” илимий конференциясына катышты

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов Ош шаарында Имам Сарахсиге арналган илимий-практикалык конференцияга катышты. 

Мамлекеттик катчы бул конференциянын маанисин жана аалым Сарахсинин ислам укук таануучусу катары чоң ролун белгиледи. Сүйүнбек Касмамбетов даанышмандыгы жана илими менен Борбор Азияга атагы чыккан имамдын өмүр жолуна токтолду. Тактап айтканда, анын Өзгөн зынданында 15 жыл түрмөдө жатып жазган зор илимий эмгеги тууралуу айтып берди. 

Мамлекеттик катчы белгилегендей, Имам Сарахсинин адамдык баалуулуктары, дүйнө таанымы жана чындык менен адилеттүүлүккө берилгендиги, калпты жана эки жүздүүлүктү жек көрүүсү бардык илимпоздор жана мусулмандар үчүн чоң үлгү.

Касмамбетов Имам Сарахсинин ислам укугундагы мааниси жана жалпысынан азыркы мезгилде илимдин өнүгүшү боюнча баяндамалар угулган бул конференциянын маанилүүлүгүн белгиледи. 

Андан соң Мамлекеттик катчы улуттук маданиятты даңазалоо, улуттук тарыхый-маданий мурастарды калк арасында жана дүйнө коомчулугуна жайылтуу максатында экинчи жолу өтүп жаткан «Өзгөн-Мунара-2022» этно-фольклор фестивалына катышты.